"Бабурнаама" чыгармасы кыргыз тилинде жарык көрдү

Маданият Загрузка... 13 Февраль 2026 17:40
photo_2026-02-12_18-48-37.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.02.26. /Кабар/. Улуу ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Захириддин Мухаммад Бабурдун туулган күнүнүн 543 жылдыгына карата анын атактуу "Бабурнаама" чыгармасы кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Бабур атындагы эл аралык коомдук фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Чыгарма өзбек тилинен кыргызчага кыргызстандык бабур таануучу окумуштуу, филология илимдери боюнча философия доктору (PhD) Хосият Бекмирзаева тарабынан которулган.

Басылманын даярдалышына кыргыз жана өзбек окумуштууларынан турган адистер тобу катышкан. Адабий редакциясын философия илимдеринин кандидаты, доцент Төлөнбай Курбанов менен белгилүү кыргыз жазуучусу Абибилла Пазылов жүргүзүшкөн.

Китепке КР эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев алгы сөз жазган. Жооптуу редактору болуп филология илимдеринин доктору (DSc), бабур таануучу окумуштуу Шуҳрат Хайитов эмгектенген. Ал басылмага Бабурдун өмүрү жана мамлекеттик ишмердиги тууралуу илимий-тарыхый маалыматтарды камтыган бөлүмдү да даярдаган.

1483-жылы Анжиянда туулган Захириддин Мухаммад Бабур — Бабуриддер династиясынын негиздөөчүсү жана түрк адабиятынын баа жеткис мурасы болгон "Бабурнааманын" автору. Ал 1530-жылы Аграда каза болуп, сөөгү Кабулдагы Бабур бакчасына коюлган.

"Улуу Тоолор" басмасынан жарык көргөн "Бабурнааманын" жаңы басылмасы өзбекче түп нускадан түздөн-түз которулганы менен өзгөчөлөнөт. Бул эмгек кыргыз-өзбек маданий байланышын чыңдап, түрк дүйнөсүнүн мурасын жайылтууга кызмат кылат.