Баетов айылында Калкты тейлөө борбору курулууда – эскиздери

Аймак Загрузка... 03 Июнь 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Калкты тейлөө борбору курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланууда.

Параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен курулуп жаткан имараттын жалпы аянты 2215 чарчы метрди түзүп, жер төлөсү менен кошо үч кабаттан турат. Борбордо жарандарды кабыл алуу жана тейлөө үчүн заманбап шарттар каралат.

"Учурда объектте иштер бекитилген графикке ылайык аткарылууда. Курулуштун сапаты жана ар бир этабы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө", - деп айтылат маалыматта.