Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Түрк соттук-эксперттик мекемелер тармагы түзүлдү.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, Азербайжандын Баку шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү соттук экспертиза жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюп, Түрк соттук-эксперттик мекемелер тармагын (TFSN) түзүү жөнүндө жарыялашты.
Жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары катышты.
Кыргызстандын атынан Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын төрагасынын орун басары Кубан Нурланов катышты. Өз сөзүндө ал ведомствонун түзүмүн жана негизги иш багыттарын тааныштырып, ошондой эле кызматтын учурдагы долбоорлору жана өнүгүү потенциалы жөнүндө айтып берди.
Жыйындын катышуучулары тажрыйба алмашууну, изилдөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүүнү жана профилдик мекемелердин ортосундагы илимий өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү камтыган кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.
Кол коюлган меморандум 2024-жылдын 9-сентябрында Астана шаарында өткөн ТМУга мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлеринин биринчи жыйынында кабыл алынган Астана декларациясынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча практикалык кадам болуп калды.
Түзүлгөн Түрк соттук-эксперттик мекемелер тармагы (TFSN) төмөнкүлөргө багытталган:
- эксперттик ыкмаларды унификациялоого көмөктөшүү;
- биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
- маалымат алмашууну ыкчам камсыз кылуу;
- кесиптик байланыштарды жана окутуу программаларын бекемдөө.
Катышуучулардын баалоосу боюнча, тармакты түзүү көп тараптуу кызматташтыктын жаңы этабын ачат жана соттук-эксперттик чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.