Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактылары азайбай жатканын, мындай учурларды болтурбоо максатында тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын айтып, адистер коңгуроо кылып келет. Бул ирет “Кабар” агенттигине психолог Замира Шерипова зордук-зомбулук фактыларынын катталышына эмне себеп болууда деген суроого өз пикирин билдирди.

Психолог Замира Шерипованын айтымында, зордук-зомбулук фактыларынын катталышы үй-бүлөнүн шартына да көз каранды. Мисалы, толук эмес үй-бүлөлөрдө же ата-энелери ичкиликке берилген балдардын психикасы кичине кезинен эле бузулат. Атасы, апасы балдарын жакшы тарбиялаган, сүйүү менен чоңойгон үй-бүлөдө билимдүү, лидерлер чыгат.

“Балдар эмне үчүн башка балдарга зордук-зомбулук көрсөтүшөт? Азыр интернет ачык. Балдар каалаган нерсесин таап көрөт. Анан сексуалдык үстөмдүк көрсөтүү учурлары пайда болот. Көргөн нерсесин бала кайталап көрүүгө кызыгат. Мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн ар бир үй-бүлөдө ата-эне, мектепте класс жетекчилер, психологдор, социалдык кызматкерлер иштеши керек. Бул багытта иштер жүргүзүлбөсө ушундай көрүнүштөр кайталана берет. Муну комплекстүү негизде кароо зарыл”, - дейт адис.
Замира Шерипова балдарга тарбиячылар, мугалимдердин катышуусунда үй-бүлөлүк мамиле тууралуу сабактарды өтүү маанилүү деп эсептейт.
“Балдарга үй-бүлө тууралуу маалымат берип, жашоого даярдаш керек. Маселен, зордук-зомбулук боюнча атайын педагогдор, квалификациялуу психологдор маектерди өткөрүү зарыл. Балдар эч жактан маалымат албаса, кантип аларды жаман иштерге азгырылгандан коргойбуз. Ошол үчүн тематикалык жактан карап, окуу программаларынын пландарын иштеп чыгуу кажет. Балдарды кайрымдуулукка үйрөтүү зарыл. Карылар үйлөрүнө же балдар үйлөрүнө алып барып, акцияларды уюштуруу чоң сабак болот. Алардын психикасын жакшы нукка буруп, сынактарды, жаратылышка чыгарып, таанып-билүүчүлүк иш-чараларды өткөрүү шарт. Коомдо өзүн алып жүрүү, достор менен достошуу, суицид боюнча байма-бай иш-чараларды өтүү зарыл деп ойлойм.

Эркек балдарга өзүнчө, кыздарга өзүнчө кызыктуу дискуссияларды уюштуруу ашыкча болбойт. Бирок эч качан унутпаш керек. Балдар үй-бүлөдөн эмнени көрсө ошондон сабак алат. Мындан улам ата-энелер да бала тарбиялоону унутта калтырбашы керек”, - деп белгилеген психолог бир гана материалдык жактан камсыздоо менен маселени чечпей турганын мисал келтирди.
“Мага кеңеш алууга өспүрүмдөр келет. Алар материалдык жактан алганда эч нерседен кем болбогон балдар. Бирок аларга ата-эне мээрими, колдоо жетишпейт. Балдар дайыма ата-энесинин жанында тарбияланышы маанилүү. Иштейбиз деп бала-чакасын жакындарына да таштап кетүү туура эмес. Ата-энеси жанында болсо да бала багуучуларга таштап кетет. Бул да туура эмес көрүнүш. Балдарды ата-энеси өзү тарбиялашы зарыл. Ошондо гана балада ишенимдүүлүк пайда болот. Ошондо балага сүйүү, тарбия жетет. Ата-энелер ойлошот, балдарды жакшы кийинтип-ичинтип, мыкты мектепке берип, колуна телефон карматсак, жакшы тарбия деп. Бул да туура эмес. Мисалы, баланын каалоолору аткарылбаса дагы, ата-энесинин сүйүүсүнө, колдоосуна ээ болуп, өспүрүм курагына чейин чоңойгон бала жакшы тарбия ала алат”, - деди Замира Шерипова.