Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Кечээ, 1-июлда Кыргызстанда үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жаңы мамлекеттик жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды.
Бул төлөмдөр президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 "Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү жөнүндө" жарлыгын жана министрлер кабинетинин №421 тиешелүү токтомун ишке ашыруунун алкагында киргизилди.
Арыздарды кабыл алуунун биринчи күнүнө карата статистика төмөнкүдөй:
- Берилген арыздардын жалпы саны: 14 318;
- Кабыл алынган арыздар: 13 782 (жалпы сандын 96,2%);
Документтерди тапшыруу форматы:
- Мобилдик тиркеме аркылуу (электрондук түрдө): 12 205 арыз (89%). Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жана "Түндүк" ААКнын кызматкерлери жарандарга мобилдик түзмөктөр аркылуу арыз тапшырууда жеринде практикалык жардам көрсөтүштү.
- Кагаз түрүндө: 1 577 арыз (11%).
Баштапкы этапта жалпысынан 536 арыз (жалпы сандын 3,8%) кабыл алынган жок. Мунун негизги себеби — жарандардын жеке маалыматтарынын мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана ресурстардагы маалыматтар менен дал келбестиги болду. Тиешелүү мамлекеттик органдар техникалык операторлор менен биргеликте тоскоолдуктарды жоюу максатында бул дал келбестиктерди ыкчам чечүүдө. Бул маалыматтарды оңдоо үч жашка чейинки бардык балдардын өздөрүнө тиешелүү төлөмдөрдү тоскоолдуксуз алуусуна шарт түзөт.
Эскерте кетсек, "Бала ырысы" жөлөк пулунун өлчөмү төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки ар бир бала үчүн айына 1200 сомду түзөт. Жарандардан арыздарды кабыл алуу кадимки тартипте уланууда.