Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Балыкчы шаарынын мэриясынын чоң залында үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун, мектептеги рэкетчиликтин жана буллингдин алдын алуу маселелерине арналган "Токто, коркпо, жаша" аттуу форум өттү.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, форумга Балыкчы шаарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү кеңештин, "Бактылуу Эне" кризистик борборунун, прокуратуранын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышты.
Форумдун жүрүшүндө ата-энелердин көзөмөлүн күчөтүү, укук бузуулардын алдын алууга комплекстүү мамилени кабыл алуу, окуу жайларда маалыматтык-тарбиялык иш-чараларды уюштуруу зарылдыгына басым жасалды.
ИИМ "Правосудие для всех" долбоорунун өкүлдөрү менен биргеликте Балыкчы шаарынын "Бактылуу Эне" кризистик борборуна гуманитардык жардам көрсөттү.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону камсыз кылуучу субъекттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдейт, ошондой эле анын курмандыктарына керектүү жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.