Малчыга жардамчы, карышкырга душман кыргыз тайганы

Аймак Загрузка... 15 Июнь 2026 18:40
investiczii-vlozheniya.jpg
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Кочкор районунун тургуну Эркин Искендер уулу кыргыз тайганын багат. Иттин бул түрүнө болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Учурда анын жети тайганы бар. Эркиндин ар таңы күчүктөрүн машыктыруу менен башталат. Илгери ата-бабалар алгыр иттерди тирүү жандыкка салып ууга үйрөтсө, бүгүн тайгандар атайын даярдалган тери менен машыгышат.

Эркин Искендер уулу, тайганчы:

“Булар хан тайган деп эсептелинет. Мүнөзү сыпаа, адамга зыяны жок. Булар илгертен ата-бабаларыбызга жардамчы болуп келген. Башка иттердей болуп дайыны жок үрө бербейт. Бирок жапайы жырткычтар келсе, малды коруйт”, - деди ал.

Эркин Искендер уулу бийик тоолуу аймакта жашайт. Деңиз деңгээлинен 2200 метр бийик жайлоолордо карышкыр менен чөө көп кездешет. Ошондуктан тайган кармоо бул жерде жөн гана хобби эмес, чыныгы жардамчы.

investiczii-vlozheniya

“Биз мал багабыз. Ошон үчүн тайгандар керек. Карышкыр, чөө көп. Бир кышта эле 15-16 баш малды жеп кеткен учурлар болот. Эсептесең бир жарым, эки миллион сомго жакын чыгым алып келет. Тайган ошол жырткычтардан коргоого жардам берет”, - деди тайганчы.

Каарманыбыз тайган багууда эң негизгиси — туура таптоо экенин айтат. Кыргыз итинин өзүнө гана тиешелүү сапаттары бар. Тайганчылар иттин дене түзүлүшүнө, күлүктүүгүнө, жүрөктүүлүгүнө жана аңчылыктагы жөндөмүнө карашат. Кыргыз тайганынын күчү тамагынан. Эркин аларды жайы-кышы дебей, эт сатып келип багат.

Эркин Искендер уулу, тайганчы:

investiczii-vlozheniya

“Көбүнчө чийки этти териси менен кошо берем. Ууга барарда жарма, суюк тамак жасап, сүт ичирем. Этти райондун борборунан алып келем. Аралыгы кырк чакырым. Келинчегим “мага караганда тайгандарыңды жакшы карайсың” деп тамашалап калат”, - деп күлүмсүрөдү ал.

Кыргыз тайганы бүгүн дагы өз ордун жоготкон жок. Бирок Эркин улуттук асыл тукумду сактоого көбүрөөк көңүл буруу керек деп эсептейт. Илгертен бери аздектелген тайгандар бүгүн малчыга жардамчы, мергенге шерик. Алар кыргыздын тарыхы менен кошо жашап келе жаткан асыл тукум жаныбарлар.