Каракол шаарынан болжол менен 7-10 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте, тоо койнунда жайгашкан тоо-лыжа базасы кышында гана эмес, жайында да керемет кооздукка бөлөнөт. Бул жерде ызгаардуу кышта 1,5-2,5 метрге чейин жеткен кар жатат. Ал эми азыр аймак жашыл шибер, түркүн-түстүү гүлдөргө оронуп, асман тиреген карагайлар көз жоосун алат.
"Кабар" агенттиги сүрөттөр менен бөлүшөт.