Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Күн мурун Манас шаарында жаңыланып, заман талабына ылайык реконструкцияланган "Манас" эс алуу багы расмий түрдө ачылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылып, жалпы инвестициянын көлөмү 6 млн долларды түзгөн.
Реконструкциялоо иштеринин алкагында парк аймагы толугу менен жаңыланып, заманбап жарыктандыруу системалары, ландшафттык жасалгалар орнотулган.
Мындан сырткары, балдар үчүн жаңы аттракциондор, спорттук жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, эс алуу зоналары, коомдук тамактануу жана соода түйүндөрү курулуп, аймак толугу менен видеокөзөмөл системалары менен камсыздалган.
Ачылыш аземинде 200 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жана Ак-Жол балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучуларына парктагы аттракциондордон акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.