Балыкчыда окуучулар аскердик техникалар менен таанышты

Аймак Загрузка... 20 Февраль 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Бүгүн 20636 аскер бөлүгүндө Балыкчы шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн Ачык эшиктер күнү иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Ачык эшиктер күнүнүн алкагында окуучуларга курал-жарактардын жана аскердик техникалардын үлгүлөрү көрсөтүлүп, алардын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.