Башкы план: Бишкекте турак жай курууга 3,5 миң гектар жер бөлүнгөн

Коом Загрузка... 12 Май 2026 12:45
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бишкекте турак жай куруу үчүн 3,5 миң гектар жер бөлүнгөн. Бул тууралуу борбор калаанын 2050-жылга чейинки бекитилген Башкы планында айтылат.

Анда белгиленгендей, турак жай зоналарын 4 кабаттан баштап 14 кабаттан жогору бийик көп кабаттуу үйлөр түзөт.

Калктуу конуштардын чектеринде жаңы турак жай фонду жайгаштырылат, анын
87,2 %ы көп кабаттуу жана орто кабаттуу курулуш, 12,73 %ы аз кабаттуу жана жеке турак жай курулушу болот.

Көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу зонасы Ленин районунун түштүк бөлүгүндө жана Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

Турак жай курулушуна жогорку инвестициялык суроо-талапты эске алуу менен Башкы планда бийик кабаттуу турак жайларды жайгаштыруу үчүн зоналар бөлүнгөн.

Бул типтеги курулуш эски ат майдандын аймагында, ошондой эле түзүлүп жаткан райондук борборлордун курамында: “Бишкек-Сити” жаңы борборун түзүү пландалып жаткан Ленин районунда курулуп жаткан стадиондун аймагында жана Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө Анкара көчөсүндө каралган.

Орто кабаттуу үйлөрдү шаардын борбордук бөлүгүндө да, жаңы курулуп жаткан райондордо да куруу каралган.

Башкы планда айтылгандай, Бишкек шаарынын калкынын саны 2025-жылдын 1-январына карата 1321,9 миң адамды түзгөн. 2050-жылга чейин бул сан 1 млн 920 миң адамга жетет.