Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бишкекте 148 унаалуу 13 медициналык тез жардам станциясын жайгаштыруу каралууда. Бул тууралуу борбор калаанын Башкы планында айтылат.
- Ленин районунда – 50 унаасы бар 4 станция;
- Октябрь районунда – 55 унаалуу 4 станция;
- Биринчи май районунда – 13 унаалуу 4 станция;
- Свердлов районунда – 30 унаасы менен 2 станция.
2050-жылга карата Бишкекте болжол менен 197 унаалуу 20 медициналык тез жардам станциясы иштей тургандыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 49 унаасы бар 7 медициналык тез жардам станциясы жайгашкан.