Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Башкы планда Бишкек шаарында көчө-жол тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чаралар сунушталууда.
Ага ылайык, жалпы узундугу 320,8 чакырым болгон магистралдык көчө-жол тармагын реконструкциялоо каралууда.
Ошондой эле жалпы узундугу 293,2 чакырым болгон магистралдык көчө-жол тармагы курулат.
Ал эми Киев көчөсүндө жөө жүргөндөргө ылайыктап, узундугу 3,3 чакырымга созула турган көчө куруу пландалууда. Мында коомдук транспорт үчүн тилке да болот.
Мындан тышкары, шаарда темир жол жана автомобиль жолдору аркылуу өтүүчү 15 өтмөктү, ар кандай деңгээлдердеги 44 транспорттук түйүндү, көпүрөлөрдү куруу камтылган.