Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Кызыл-Кыя шаарында жарандарды жеке маселелери менен кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Ага облус прокурору Абай Молдакматов жана Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов катышып, жарандардын көтөргөн маселелерине тиешелүү түшүндүрмөлөрдү беришти.
Жолугушууда шаарды өнүктүрүү үчүн аэропорт куруу, темир жол каттамын ачуу жана шаарды газдаштыруу сыяктуу ири долбоорлор сунушталды.
Мындан тышкары, бир катар тургундар шаарда 6 500 жаран турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга кезекте турганын айтып, жер берүү маселесин чечүүгө көмөк сурашты. Ошондой эле ипотекалык турак жай программалары боюнча суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.
Жарандар ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жеңилдетилген насыяларды алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү маселелерин да көтөрүштү.
Жыйынтыгында облус башчысы жарандардын кайрылуулары көзөмөлгө алынарын, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга тапшырмалар берилерин белгилеп, мыйзам чегинде ар бир маселе боюнча иш алып баруу улантыларын айтты.