Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имараты оңдолууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, имаратта оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери убактылуу Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын имаратында жарандарды кабыл алып, кызмат көрсөтүп жатышат.
Оңдоо иштери аяктагандан кийин Калкты тейлөө борборунда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү улантылат.
Белгилей кетсек, облус жетекчисинин биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу менен бирге, оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмаларды берди.