Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Баткен шаарында заманбап саркынды суу түтүктөрүн орнотуу жана тазалоо тутумун куруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында шаардын М. Салихов, И. Раззаков жана Жибек-Жолу көчөлөрүнө түтүктөр орнотулууда. Шаар мэри Сейтек Кулубаев курулуштун жүрүшү менен жеринен таанышып, иштин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышын талап кылды.
Ири инфраструктуралык долбоор Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жатат. Анын негизги максаты — шаарда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана тургундардын жашоо шартын жакшыртуу болуп саналат.
Саркынды сууларды тазалоо курулмасы 2027-жылга чейин пайдаланууга берилери пландалууда. Ал ишке киргенден кийин Баткен шаарынын 50 миңден ашуун тургуну заманбап кызмат менен камсыз болуп, шаардык инфраструктураны жаңылоого олуттуу салым кошот.