Баткенде Бөкөнбаев мектебинин кошумча имараты быйыл ишке берилет

Аймак Загрузка... 28 Апрель 2026 13:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин кошумча имараты жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы имарат 225 окуучуга ылайыкталган. Анда окуу класстарынан тышкары китепкана, актовый зал, эмгек кабинети, компьютердик класс, ашкана жана лифт каралган.

Учурда курулуш иштеринин 55 пайызы аяктады.

Аталган билим берүү мекемеси министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдердин алкагында каржыланып, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы 208 млн сомду түзөт.

Бүгүн президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Облус башчысы курулушту жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү пландалып жатканын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерге сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.