Баткенде газоблок заводу сапаттуу курулуш материалын чыгарууда

Аймак Загрузка... 08 Апрель 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан "Мега Газоблок" ишканасы өлкөнүн түштүк аймагын сапаттуу курулуш материалдары менен камсыз кылууда. Заводдун ишмердүүлүгү менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан ишкана өткөн жылдын аягында ишке кирген.

Бүгүнкү күндө заводдо төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

  • 50гө жакын жумуш орун түзүлдү.
  • Күнүнө орточо 800 куб метр продукция чыгарылат (толук кубаттуулугу 1200 куб метрге чейин жетет).
  • Учурда ишкананын кампасында 2,5 миң куб метр даяр продукциянын запасы бар.

Заводдо продукция немис технологиясынын негизинде, автоклавдык ыкма менен чыгарылат. Бул ыкма газоблоктордун экологиялык жактан таза, бышык жана жылуулукту жакшы сактоочу касиетке ээ болушун шарттайт.

Учурда өндүрүлгөн продукция Баткен облусунан сырткары Ош жана Жалал-Абад облустарына да жеткирилүүдө. Негизинен жеке курулуш компаниялары менен иштешүүдө. Алдыда ишкана продукциясын мамлекеттик маанидеги курулуш объектилерине жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүнү көздөп жатат.

"Облус башчысы Мамыржан Рахимов заводдун иши менен таанышуу учурунда, мындай өндүрүш ишканалары аймактын экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп, заводдун ишмердүүлүгүн кеңейтүү багытында мамлекет тарабынан тийиштүү колдоолор уланаарын убада кылды",-деп айтылат маалыматта.