Баткендик бүтүрүүчү ЖРТдан кантип 239 балл алды – Сезимай Акматова менен маек

Билим Загрузка... 19 Июнь 2026 10:00
WhatsApp_Image_2026_02GAIWM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку жыйынтыкка жетишүү бир гана билим эмес, күнүмдүк эмгек, тартип жана өз максатыңа болгон ишеним. Баткен облустук жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова ЖРТдан 239 балл топтоп, "Кабар" агенттигине берген маегинде мындай ийгиликке жетишине эмне жардам бергенин айтып берди.

Эске салсак, 2026-жылкы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 55 бүтүрүүчү алтын сертификат алуу укугуна ээ болду. Алтын сертификаттын ээлери эң көп Бишкек шаарында катталды – 34 бүтүрүүчү. Ошондой эле тизмеге Чүй облусунан – 5, Ысык-Көлдөн – 4, Жалал-Абаддан – 4, Баткенден – 3, Нарындан – 2, ал эми Ош облусу менен Ош шаарынан бирден бүтүрүүчү кирди. Мындан сырткары, дагы бир алтын сертификаттын ээси Россиянын мектептеринин биринде билим алган.

— Сезимай, ЖРТдан мындай жогорку балл топтоого сизге эмне жардам берди?

Чынын айтсам, бул жерде кандайдыр бир өзгөчө сыр бар деп ойлобойм. Бул, сыягы, эки жыл бою үзгүлтүксүз эмгектин натыйжасы. Мен болгону даярдыкты таштабай, тартипти сактоого аракет кылдым.

Ар кандай учурлар болду, кээде күнүнө 1-2 сааттан эле шашпай даярдансам, кээде, өзгөчө ЖРТ жакындап калганда, күнүнө 8-10 сааттап толугу менен даярдыкка кирип кеткен күндөрүм болду.

Биринчи жылы бардык теориялык билимдерди кайталап, түшүнбөгөн жерлеримди толуктадым. Ал эми экинчи жылы толугу менен практикага көңүл бурдум. Атүгүл тест жакындаганда жумасына 3-4 жолудан сыноо тесттерин жазып жаттым.

Анан дагы өзгөчө белгилеп кетким келет, ата-энемдин колдоосу чоң роль ойноду. Алар мени дайыма колдоп, өзүмө ишенбей кыйналып турган учурларда да мага ишеништи. Албетте, мугалимдериме да чоң рахмат – алар мага чындап билим берип, алдыга жылуума көмөктөштү.

327460c3-907c-4088-bd3d-f4e53ccaabee.width-800

— Даярдануу учурунда кандай кыйынчылыктар болду жана аларды кантип жеңдиңиз?

Кыйынчылыктар даярдыктын дээрлик бардык этаптарында болду. Эң кыйыны – окуп, аракет кылып жатсаң да, дароо эле тез жыйынтык көрүнбөгөн учурлар. Кээде чарчоо сезими пайда болуп, кээде: "Аракетим аз болуп жаткан жокпу?" же "Эмне үчүн башкалардыкы тезирек окшошуп жатат?" деген күмөн саноолор да туулду.

Эч нерсе кылгым келбей, маанай жок болгон күндөр да өттү. Мындай учурларда мен өзүмдү кыйнаган жокмун, тескерисинче, бир аз алаксып, эс алып, башка иштер менен алектенип, андан кийин окууга жаңы күч, сергек акыл менен кайтчумун. Өзүңө дайыма эле басым жасай берүүгө болбой турганын түшүндүм.

— Экзаменге чейинки убакытта мотивацияны сактап калууга эмне жардам берди?

Чынында, мотивация дайыма бирдей болгон жок. Баарын таштап, жөн эле эс алгым келген күндөр да болду. Бирок мени койгон максатым кармап турду.

Ата-энемдин колдоосу абдан чоң жардам берди десем болот. Мугалимдеримин айткан сөздөрү, кеңештери жана мага болгон ишеними да багынбоого шыктандырды. Ошондой эле досторума да рахмат – алар да мени дайыма сүйөп, дем-күч берип, багынып калуума жол беришкен жок. Мындан сырткары, ушул убакка чейин чоң жолду басып өткөнүм да мага дем берди. Мен бул ишке ушунча көп эмгек жумшаганымды сезүү, эң оор учурларда да өзүмдү колго алууга жардам берди.

— Алтын сертификат алууну кыялдангандарга кандай кеңештерди бере аласыз?

Эң башкысы баштоодон коркпоо керек жана даярдыкты кийинкиге калтырбоо зарыл. Көпчүлүк дал ушул нерседен улам убакытты жоготуп алышат.

Экинчиси, чанда бирок абдан көп окуганга караганда, аздан болсо да үзгүлтүксүз, туруктуу алектенип туруу натыйжалуурак. Ошондой эле ката кетирүүдөн коркпоо абдан маанилүү. Түшүнбөгөн каталарыңдын үстүнөн иштеп, аларды талдаганда гана сен чындап өсөсүң.

Акыркысы, өзүңдү башкалар менен салыштырба. Ар бир адамдын өз ыргагы, өз темпи бар. Эгер максатың болуп, багынбасаң, жыйынтык сөзсүз келет.

b0d9cf0f-2697-49b5-ace6-a6fc1b26493e.width-800

— Эми алдыңызга кандай максаттарды коюп жатасыз? Кайсы кесиптин ээси болууну кыялданасыз?

Азыр мен үчүн бул жаңы баскыч жана мен буга жөн гана тесттин жыйынтыгы деп карабай, кененирек карап жатам. Келечегимди IT же математика тармагы менен байланыштыргым келет.

Азырынча эки университетти караштырып жатам: Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ) жана Эл аралык Ала-Тоо университети.

Мен үчүн жөн гана бир жерге тапшыруу эмес, кайсы жерде чындап өсүп, күчтүү билим алып, келечекте өзгөчө Кыргызстандын билим берүү жана технология тармагына пайда алып келе аларым маанилүү.