Бүгүн Италияда кышкы Олимпиада оюндары башталат

Спорт Загрузка... 06 Февраль 2026 09:00
b0cb28df-31a0-43b1-af91-9ddaa8a9469c.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Бүгүн Италиянын Милан шаарында Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт.

«Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, салтанатка дүйнөгө таанымал өнөрпоздор катышат. Алардын арасында италиялык ырчы Андреа Бочелли, беш жолку «Грэмми» сыйлыгынын ээси Мэрайя Кэри, «Алтын глобус» сыйлыгынын лауреаты Лаура Паузини, италиялык рэпер Ghali жана кытайлык белгилүү пианист Лан Лан бар. Ошондой эле италиялык актёрлор Пьерфранческо Фавино, Сабрина Импаччаторе жана Матильда Де Анжелис сахнага чыгышат.

Ачылыш аземинин темасы — «Гармония». Иш-чарага кирүү билеттеринин баасы 260 евродон 2000 еврого чейин жетет.

Кышкы Олимпиада оюндары 22-февралга чейин уланат. Ага 92 улуттук командадан 2900дөн ашуун спортчу катышат. Уюштуруучулардын болжолу боюнча, оюндарды көрүү үчүн Италияга 2 миллионго жакын күйөрман келет. Мелдештерге билеттердин баасы 30 доллардан 1400 долларга чейин.

Олимпиада айылдары Милан, Кортина-д’Ампеццо, Ливиньо, Бормио, Предаццо жана Расун-Антерсельва шаарларында жайгашкан.

Белгилей кетсек, Италия Олимпиада оюндарын буга чейин үч жолу — 1956-жылы кышкы, 1960-жылы жайкы жана 2006-жылы кышкы Олимпиаданы — өткөргөн.