Бүгүн Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатышы мүмкүн

Жогорку Кеңеш Загрузка... 25 Сентябрь 2025 12:00
hd-1758106977219.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламентти таркатуу чечимин кабыл алышы күтүлүүдө.

Жыйынды ачып жатып, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул маселе бүгүнкү сессияда добушка коюларын билдирди.

Ал кесиптештерин күн тартибине киргизилген бардык мыйзам долбоорлорун карап бүтүрүү үчүн ашыкча суроолордон алыс болууга чакырды.

Төраганын айтымында, бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхында депутаттар өлкөнүн келечеги үчүн парламентти өз ыктыяры менен таркатууга демилге көтөргөн биринчи учур.