Бүгүндөн тарта Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди каттай баштады

Коом Загрузка... 05 Июнь 2026 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Кыргыз темир жолу"

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкек – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди жайкы туристтик сезонго карата каттай баштады.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, поезд Бишкектен саат 08:06да жолго чыгып, саат 12:37де Балыкчы шаарына жетет.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкек – Балыкчы поездинин курамына ыңгайлуулугу жогору болгон эки кошумча модернизацияланган вагон кошулду.

"Натыйжада бүгүнкү каттамдын курамы жалпысынан 14 вагондон түзүлдү. Алардын ичинен алтоо облус аралык стандарттуу вагон болсо, сегизи заманбап талаптарга ылайык жаңыланган, жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылган вагондор болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн учурда поезддин курамына кошумча вагондор кошулат.

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поездинин графиги:

  • 5-июндан 21-июнга чейин – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;
  • 26-июндан 13-сентябрга чейин – күн сайын каттайт.