Сүттүн сапаты: Бишкек жана Чүй облусундагы ишканалар текшерилди

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 10:00
672391335_122209495718341273_2527702360657145675_n.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын лабораторияларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишканаларга чийки сүттүн сапатын лабораториялык көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, техникалык регламенттин талаптарын сактоо боюнча кеңештер берилди.

Өзгөчө көңүл сүт курамындагы ветеринардык каражаттардын калдыктарын аныктоого бурулду. Учурда ишканалардын лабораторияларында негизинен антибиотиктердин төрт түрү — левомицетин, тетрациклин, стрептомицин жана пенициллин текшерилет. Ал эми антибиотиктердин калган 75 түрүнүн калдыгы мамлекеттик мониторингдин алкагында Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда аныкталат.

Мындан тышкары, лабораториялардын ишин жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн алардын аккредитациядан өтүү зарылдыгы белгиленип, тиешелүү сунуштар берилди.