Бишкек мэри хокейчилерге жаңы муз аянтын куруп берүүнү убадалады

Спорт Загрузка... 27 Январь 2026 11:35
DSC08480.JPG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Дене тарбия жана спорт агенттиги

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасына шаарда заманбап муз аянтын куруу планы бар экенин айтты.

“Мэриянын атынан билдирип кетейин, быйыл биз бул маанилүү долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Жаңы заманбап муз аянтына ылайыктуу жер тилкесин карап чыгабыз”, - деди шаар башчысы.

Эске салсак, 24-январда Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болгон.