Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан “Кабар” агенттигине билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар башчысынын жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Муратбек Атай дайындалды.
Тиешелүү тескемеге мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Мындан тышкары, Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Жаныкееванын жана Ленин районунун акиминин орун басары Бактыгүл Исмаилованын ишмердүүлүгүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды.
"Алар кызматтык иликтөө жүргүзүү убактысында ээлеген кызматтарынан четтетилди", - деп айтышты мэриядан.