Виктория Мозгачева ээлеген кызматынан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 15 Июнь 2026 19:15
WhatsApp_Image_2025_lqf8fsW.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек мэриясы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. Бирок Виктория Мозгачеванын кайсы кызматка барганы так айтылган жок.

Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Рахат Мусаева дайындалды.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору кызматына Жаныбек Орозалиев дайындалды. Буга чейин департаментти Рахат Мусаева жетектеген.