Бишкек жана Чүйдө 14 жаңы мектеп курулат: Мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 29 Январь 2026 12:55
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.06.30.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш өткөн жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу фаза – 2” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери белгилешкендей, насыялык келишим Бишкек менен Чүй облусунда 14 мектеп курууну камтыйт.

Белгилей кетсек, насыянын көлөмү 50 млн долларды түзүп, 1,5% менен 25 жылдык мөөнөткө берилмекчи.