Бишкекте эл аралык курулуш көргөзмөсү өтөт

Коом Загрузка... 03 Апрель 2026 17:10
WhatsApp Image 2026-04-03 at 17.03.31.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. 14-16-апрель күндөрү Бишкек шаарында KyrgyzBuild 2026 – курулуш тармагын өнүктүрүүгө жана анын катышуучуларынын кесиптик өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө багытталган эң ири эл аралык курулуш көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Көргөзмөнүн алкагында дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн 110дон ашык компания, заманбап курулуш материалдары жана технологиялары, имараттардын инженердик системалары, энергетикалык жана инфраструктуралык чечимдер, металл конструкциялары, ошондой эле курулуш техникасы жана жабдуулары көрсөтүлөт.

Көргөзмө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө, заманбап курулуш технологияларын киргизүүгө, курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, шаардык жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоого көмөктөшөт.

Мындан тышкары, иш-чара эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын курулуш тармагына алдыңкы технологияларды тартууга өбөлгө түзөт.

Көргөзмө Бишкек шаары, Иса Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде өтөт.