Бишкекте кайрадан жанданган “Ала-Тоо” журналынын бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 22 Май 2026 14:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкекте "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналынын салтанаттуу бет ачары өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө кайра жанданган басылманын биринчи чыгарылышы көрсөтүлдү.

WhatsApp_Image_2026-05-22_at_13.23.47_1.width-800

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйүнүн башкы директору Галина Байтерек жана Кытайдын адабият, маданиятын жана "Манас" эпосун изилдөөчү Макелек Өмүрбай катышты.

WhatsApp Image 2026-05-22 at 10.33.05 (2)

Коноктордун арасында коомдук ишмерлер, Улуттук илимдер академиясынын академиктери Абдыганы Эркебаев жана Осмонакун Ибраимов, адабий коомчулуктун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана жазуучулар болду.

Сөз сүйлөгөндөр "Ала-Тоо" журналы кыргыз адабиятынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеп, ондогон жылдар бою өлкөнүн чыгармачыл интеллигенциясын бириктирип келгенин белгилешти.

Өз кезегинде, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев кыргызстандыктарды бул маанилүү окуя менен куттуктап, президенттин демилгеси менен Маданият министрлигинин алдында "Кыргыз Туусу" үйү түзүлгөнүн, ал жерде "Ала-Тоо" журналы басылып чыгарын белгиледи. Ошондой эле жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн расмий веб-сайт жана социалдык тармактарда баракчалары да ишке киргизилгени айтылды.

WhatsApp_Image_2026-05-22_at_13.23.48.width-800

"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйүнүн башкы директору Галина Байтерек адабият ишмерлерин журналдын кайра жанданышы менен куттуктап, долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылганын баса белгиледи.

WhatsApp Image 2026-05-22 at 10.33.10

Күн мурун президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо" адабий журналынын кайра басып чыгарылып баштаганын Facebook`тагы жеке баракчасында билдирген.

WhatsApp Image 2026-05-22 at 10.33.06 (2)

Белгилей кетсек, журнал 1931-жылы Фрунзеде "Чабуул" деген ат менен чыккан. 1937-1939-жылга чейин ал "Ала-Тоо", 1942-1956-жылга чейин "Советтик Кыргызстан" деген ат менен, ал эми 1956-жылдан баштап "Ала-Тоо" деген ат менен жарык көргөн.

Журналда адабий сын, эссе, очерк жана кыргыз, орус жана дүйнөлүк адабияттын чыгармалары жарыяланган. 1968-жылга чейин анын тиражы 29 миң нускага жеткен. 1981-жылы журнал "Элдердин достугу" ордени менен сыйланган.