Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. 20-майдан тарта Бишкекте "Салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап трансформациялоо" аттуу эл аралык тренинг өтүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, төрт күндүк окуу программасынын алкагында катышуучулар Кореядан келген эксперттерден салттуу өнөрдү заманбап өнүктүрүү, санариптик маркетинг жана E-commerce боюнча билим алышат.
Тренингде улуттук салттарды сактоо менен аларды заманбап дүйнөгө ылайык интерпретациялоо тажрыйбасы, санариптик маркетинг инструменттери жана эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.
Окутуунун жыйынтыгында 50 катышуучу ментор болуп, алган билимдерин аймактардагы кол өнөрчүлөргө жайылтышат.
Тренинг "Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын максаты – кол өнөрчүлөрдүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ата мекендик кол өнөрчүлүк продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.