Бишкекте “Оймо-2026” эл аралык фестивалы өтөт

Маданият Загрузка... 22 Май 2026 09:15
WhatsApp Image 2026-05-21 at 17.24.31.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча XX юбилейлик эл аралык “Оймо-2026” фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 27-31-май күндөрү болот. Быйылкы фестиваль “Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук” темасында өткөрүлөт.

Бул иш-чара Борбор Азиядагы материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү, салттуу кол өнөрчүлүктү жана заманбап креативдүү индустрияларды колдоого багытталган.

Фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка аймактарынан 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү кесиптердин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Анын алкагында мастер-класс, конференция жана ачык талкуулар уюштурулат.

Иш-чара 31-май күнү эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи, мода көргөзмөсү менен жыйынтыкталат.

Фестиваль Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аянтта, Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтөт.