Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. 18-19-июлда саат 19:00дө Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Шанхай кызматташтык уюмунда мүчө мамлекеттердин искусство чеберлеринин гала-концерти өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерт Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын маданий программасынын алкагында уюштурулууда.
Концертке Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын чыгармачыл делегациялары катышат.
"Программада ШКУга мүчө мамлекеттердин белгилүү чыгармачыл жамааттары жана өнөрпоздору өз өлкөлөрүнүн музыкалык, вокалдык, аспаптык жана хореографиялык өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн тартуулашат", - деп айтылат маалыматта.
Маданият министрлиги бардык каалоочуларды бул өзгөчө маданий иш-чарага күбө болууга чакырат. Кирүү акысыз.