Бишкекте аба ырайы кескин өзгөрөт: кар жаап, суук болот

Коом Загрузка... 05 Декабрь 2025 10:09
1013482776_0_0_0_0_.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Алдыдагы күндөрү Бишкекте аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлүүдө. Синоптиктердин маалыматына ылайык, кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

5-декабрь, жума күнү

Күндүз: +6…+8°, ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.

6-декабрь, ишембиде

Түндө –1…–3°, күндүз +7…+9°, жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрь, жекшебиде

Түндө –2…–4°, күндүз +6…+8°, ала булут каптап турат.

8-декабрь, дүйшөмбүдө

Түндө –2…–4°, күндүз +5…+7°, кар аралаш жаан жаашы күтүлөт.

9-декабрь, шейшембиде

Түндө –3…–5°, кар жаайт, күндүз –1…–3°, кар жаап, жолдор тайгак болот.

10-декабрь, шаршембиде

Түндө –7…–9°, кар жаап, күндүз –2…–4°, ала булут каптап, айрым аймактарда кар жаайт.

11-декабрь, бейшембиде

Түндө –13…–15°, жаан-чачын күтүлбөйт, суук болот. Күндүз – 4…– 6°, күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.