Бишкекте Китеп күнүнө арналган Окуу декадасы өтөт

Коом Загрузка... 30 Март 2026 18:35
1774873241_large.png

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти 10-апрелинден 20-апрелге чейин борбор калаада Окуу декадасын жарыялайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара эл аралык Китеп күнүнө карата уюштурулууда.

Демилгенин алкагында шаардагы бардык мектептерде жана бала бакчаларда балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маданий-агартуу иш-чаралары өтөт. Программада:

  • Адабий сааттар жана китеп көргөзмөлөрү;
  • Белгилүү жазуучулар менен жолугушуулар;
  • Көркөм окуу сынактары жана «Бирге окуйбуз» акциялары;
  • Интерактивдүү сабактар жана тематикалык викториналар.

Иш-чаранын максаты - өсүп келе жаткан муундун окурмандык маданиятын калыптандыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү жана көркөм адабиятка болгон сүйүүсүн ойготуу.

Билим берүү департаменти окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди бул агартуу демилгесине активдүү катышууга чакырат.