Бишкекте Кореянын айыл чарба технологияларынын туруктуу көргөзмөсү ачылды

Коом Загрузка... 20 Май 2026 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков туруктуу айыл чарба жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, көргөзмө Корея жана Кыргызстанды өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Көргөзмө Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү ушул форматтагы алгачкы көз карандысыз туруктуу көргөзмө аянтчаларынын бири болуп, Кореянын заманбап айыл чарба жана өнөр жай технологияларын бириктирет.

Долбоордун негизги максаты - эл аралык кызматташууну өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагын колдоо жана Кыргызстан, Корея жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн компаниялары үчүн туруктуу ишкердик аянтчасын түзүү.

Анын алкагында айыл чарба жана өнөр жай багытындагы алдыңкы технологиялар, жабдуулар, күнөскана чарбасы үчүн инновациялык чечимдер, продукцияны кайра иштетүү, сугат системалары, үрөнчүлүк, экологиялык таза өндүрүш жана Кореянын өнөр жай секторунун технологиялары көрсөтүлдү.