Сауд Аравия Кыргызстанга 50 тоннага жакын курма тапшырды

Коом Загрузка... 20 Май 2026 18:15
704802465_1448108434025492_1040897119864825120_n.jpg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Сауд Аравиясы Кыргызстанга 48 тонна 720 кг курманы гуманитардык жардам катары тапшырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жардам карылар жана балдар үйлөрүнө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.

"Бул долбоор Король Салман атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору тарабынан ишке ашырылып, Сауд Аравиясынын Кыргызстанга көрсөткөн системалуу колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
702638016_1448108417358827_4256551534759084917_n