Жол эрежесин бузуу боюнча токтомдор эми “Түндүк” аркылуу жөнөтүлөт

Коом Загрузка... 20 Май 2026 17:55
WhatsApp_Image_2025_afsChat.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-майынан тартып Кыргызстанда жол эрежесин бузууга байланыштуу токтомдор жарандарга "Түндүк" мобилдик тиркемеси жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу электрондук форматта жеткириле баштайт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жаңы тартип "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Анын негизги шарттары:

  • Жаран тиркемеден токтомду ачып, "Тааныштым" же "Таанышкан жокмун" баскычын басканда, система убактысын автоматтык түрдө каттайт. Бул расмий тааныштык катары эсептелет.
  • Эгер айдоочу 30 календардык күндүн ичинде электрондук токтом менен таанышпаса, документ мурдагыдай эле почта аркылуу заказдык кат менен үйүнө жөнөтүлөт.
  • "Түндүк" аркылуу айып пулдарды онлайн төлөөгө болот. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөнгөн учурда жеңилдик автоматтык түрдө колдонулат.

ЖКККББ жарандарды "Түндүк" тиркемесин активдүү колдонууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.