Бишкекте майыптыгы бар жарандар үчүн унаа токтотуучу жайлар көбөйтүлөт

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 13:50
jUbuoKSxaoIQMYnx0YH.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү максатында муниципалдык унаа токтотуучу жайларда атайын унаа орундары уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча штабдын жыйынында техникалык жактан мүмкүн болгон бардык муниципалдык унаа токтотуучу жайларда атайын орундарды түзүү тапшырылды.

Төрт райондук администрацияга "Шаардык жол-транспорттук инфраструктура" муниципалдык ишканасы менен биргеликте унаа токтотуучу жайларды текшерип, майыптыгы бар адамдар үчүн орун уюштурууга ылайыктуу жерлерди аныктоо милдети берилди.

Ошондой эле райондук администрациялар, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жана тиешелүү муниципалдык ишкана учурдагы токтотуучу жайлардын саны, жайгашкан жери жана кошумча орундарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүгө тийиш.