Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Бишкекте өрт чыккан көп кабаттуу үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, күн мурун Радищев-Карасаев көчөлөрүндө жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинде өрт чыккан.
Жеринде текшерүү жүргүзүлүп, курулуш объектисинде калып (опалубка) конструкцияларынын өрттөнүп кеткендиги аныкталды. Өрт ширетүү иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан келип чыккан.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Олимп Дружба" ЖЧКсына коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жазуу түрүндө эскертүү берилип, аныкталган бузууларды жоюу милдеттендирилди.
Мындан тышкары, окуя болгон жерде акт жана протокол түзүлүп, анын негизинде 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Курулуш иштери өрттүн кесепеттери толук жоюлуп, жогоруда аталган корутундулар чыкканга чейин убактылуу токтотулду.