Бишкек, 26.05.2026. /Кабар/. Бишкек шаарында акыркы жылдары экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ири долбоорлор ишке ашууда. Калктын санынын өсүшү жана шаардагы таштандынын көлөмүнүн көбөйүшү айлана-чөйрөгө олуттуу коркунуч жаратып жаткан шартта кайра иштетүүчү заводдордун курулушу – жаратылышты коргоо жана калктын саламаттыгын сактоого багытталган стратегиялык кадам болуп саналат.
Белгилей кетсек, жакында Бишкек шаарында таштандыны кайра иштетүүчү экинчи заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин заводду куруучулар менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалымдалгандай, экинчи долбоор май айынын аягында же июндун башында башталат. Экинчи заводдун таштандыны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү 2 миң тоннаны түзүп, полигондогу тоо болуп үйүлүп турган таштанды үймөктөрүн азайтып, башка шаарлар менен облустардын таштанды көйгөйүн кошо чечмекчи.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 27-декабрында Бишкекте Борбор Азиядагы биринчи экотехнологиялык катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод ачылган. Анын кубаттуулугу суткасына 1-1,2 миң тонна таштандыны түзүп, 30 мегаватт-саатка чейин электр энергиясын өндүрө алат. Бүгүнкү күнгө чейин бул ишканада 80 миң тоннадан ашык таштанды кайра иштетилди.
2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыл башындагы коллегияда шаар мэри 2026-жылга карата пландардын ичинде таштандыларды кайра иштетүү системасын кеңейтүү жана экинчи заводду куруу бар экенин белгилеген.

“2026-жылы таштандыны кайра иштетүүчү экинчи заводдун курулушу башталат. Натыйжада жалпы комплекстин кубаттуулугу суткасына 3 миң тоннага жетет. Бул борбор калаанын гана эмес, Чүй облусунун таштандыларын да кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, кубаттуулугу суткасына 100 тонна болгон таштанды иргөө жана кайра иштетүү комплекси да өнүгүүсүн улантууда. 2026-жылы таштандыларды терең кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү пландалууда. Анда муниципалдык ишканалар үчүн зарыл болгон отургучтар, таштанды челектери, люктар, тротуар плиткалары жана башка буюмдар өндүрүлөт”, — деди мэр.
Бул демилгелер жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес, өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Акыркы жылдары таштандынын көлөмү өсүп, полигондор толуп, абанын булганышы күчөп жаткан шартта мындай заводдорду куруу өзгөчө мааниге ээ. Таштандыларды кайра иштетүү аркылуу айлана-чөйрөгө тийгизген зыян азайып, жаратылыш ресурстары үнөмдөлөт.

Үстүбүздөгү жылдын 18-майында президент Садыр Жапаров Азербайжандын Баку шаарында өткөн Дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Бишкек шаардык башкаруу реформаларын ишке ашырууда олуттуу тажрыйбага ээ экенин белгилеп, Бишкекте Борбор Азиядагы алгачкы таштандыны кайра иштетүүчү завод ачылганын белгилеген.
“Таштандыны кайра иштетүүчү завод жылына 365 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрүүгө багытталган. Салыштырып айтканда, мындай көлөмдөгү энергияны өндүрүү үчүн мурда жылына болжол менен 80 миң тонна көмүр жагылып, 100 миң тонна көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыкчу”, - деди президент.
Ошондой эле мындай ишканаларды Каракол жана Ош шаарларында куруу пландалып жатканы маалымдалды.

Адистер белгилегендей, таштандыны туура башкаруу экологияны сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири. Эгерде таштандылар иргелип, кайра иштетилсе, алар жөн гана калдыктар эмес, кайра колдонулуучу баалуу ресурс болуп калат. Мисалы, желим, айнек, металл сыяктуу материалдардан жаңы буюмдар жасалып, экономиканын айланма модели өнүгөт.
Геоэкология багыты боюнча адис Элегия Бокоева “Кабар” агенттигине билдиргендей, таштандыны кайра иштетүүчү заводдордун курулушу коом үчүн, айрыкча шаар тургундары үчүн өтө маанилүү.
Анын айтымында, айлана-чөйрөнүн таштандылар менен булганышы адамдын ден соолугуна түздөн-түз таасир этет.
“Бишкекте буга чейин таштандыны кайра иштетүүчү завод жок болчу. Таштанды көйгөйү полигон жайгашкан аймактагы конуштарга абдан терс таасирин тийгизип келген. Таштанды чогулган жерде оору козгоочу микроорганизмдер көбөйүп, химиялык-биологиялык процесстер жүрөт. Бул адамдардын ден соолугуна чоң коркунуч жаратат.
Таштандыларды кайра иштетүү жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, кайра иштетүүдөн алынган энергияны турак жайларды жылытууга колдонсо, бул энергетика тармагы үчүн да пайдалуу болот”, — деди адис.

Мындан сырткары, кайра иштетүүчү завод ишке киргенден кийин шаарда экологиялык таза продукциялар өндүрүлүп, муниципалдык кызматтардын чыгымдары азаят. Бул өз кезегинде борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөт.
Мындай долбоорлор аркылуу таштанды көйгөйү акырындап чечилип, абанын булганышы азайып, жаратылышка болгон басым төмөндөйт. Мындан тышкары, кайра иштетүү системасынын өнүгүшү экономиканын жаңы багыттарын ачып, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жол ачат. Бул келечекте Кыргызстанды “жашыл” экономикага багыт алган өлкөлөрдүн катарына кошуп, калктын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.