Бишкекте жаңы курулуп жаткан үйдөн өрт чыкты

Кырсык Загрузка... 16 Июнь 2026 17:15
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Бүгүн борбор калаанын Майрам көчөсү 62 дарегинде жайгашкан 3-4 кабаттуу жаңы турак жай комплексинен өрт чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Министрликтин кызматкерлери окуя болгон жерге ыкчам барып, текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн алкагында өрт курулуп жаткан имараттын чатырынан тутанганы маалым болду. Буга байланыштуу коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн курулушту жүргүзүп жаткан "Атрий" ЖЧКсына жазуу түрүндө расмий эскертүү берилди.

Ошондой эле компанияга техникалык жана өрт коопсуздугу, ошондой эле эмгекти коргоо эрежелерин так сактоо милдети жүктөлдү.

"Учурда өрттүн жалпы аянты жана келтирилген чыгымдары такталууда. Компания Өрт коопсуздугу кызматынын жана инженердик-техникалык текшерүүнүн расмий корутундуларын алууга милдеттендирилди", - деп айтылат маалыматта.