Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Апрель айынын башында Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы Эмен багы реконструкцияланат.
Биринчи май райондук администрациясынан билдиришкендей, район башчысы Улан Сарылбек уулу парктын учурдагы абалы менен таанышып, аны көрктөндүрүү боюнча алдыдагы пландарды талкуулады.
Жеринде өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө район башчысы паркты комплекстүү жаңылоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ага ылайык, төмөнкү иштерди аткаруу пландалууда:
- Брусчаткаларды жаңылоо;
- Парктын ичиндеги аллеяларды кеңейтүү;
- Жашылдандыруу аянтын чоңойтуу;
- Фонтанды реконструкциялоо;
- Жаңы отургучтарды орнотуу;
- Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустарды куруу.