Бишкек–2050: 2 млн адамга ылайыкталган жаңы Башкы пландын артыкчылыгы

Коом Загрузка... 04 Февраль 2026 14:07
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Бишкекти өнүктүрүүнүн жаңы Башкы планы транспорттук инфраструктурада, функционалдык зоналарга бөлүүдө жана шаар куруу саясатында масштабдуу өзгөрүүлөрдү карайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Медербек Кыдырмаев "Кабар" агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында Бишкектин олуттуу бөлүгүн камтыган Түндүк айланма жолунун курулушу жүрүүдө. Муну менен катар, Новопокровка айылынан башталып, Түндүк айланма жолуна кошулган, андан ары Көк-Жар айылын айланып өтүп, шаардын түштүк тарабына чыгуучу Чыгыш айланма жолунун курулушу башталды. Ошондой эле Батыш айланма жолунун маршруттарын аныктоо иштери уланууда.

Медербек Кыдырмаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкекте болжол менен 1 млн 320 тургун жашайт. Калктын саны жыл сайын 20-30 миң адамга көбөйүүдө. Болжолдоолорго ылайык, 2050-жылга чейин борбор калаанын калкы 1 млн 920 миң адамга жетиши мүмкүн. Башкы план турак жай, билим берүү мекемелери жана жумуш орундарына болгон муктаждыктарды эске алуу менен дал ушундай санга ылайыкталып иштелип чыккан.

"Документте шаарды функционалдык зоналарга бөлүүнүн так схемасы каралган. Атап айтканда, турак жай курууга тыюу салынган өнөр жай жана коомдук-ишкердик зоналары аныкталды. Бул аймактарда бизнес-борборлорду, кеңселерди, ошондой эле өнөр жай объектилерин — кураштыруучу заводдорду, электроника жана автомобиль өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу пландалууда. Бул кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана борбордун өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Башкы планда Бишкектин ар бир районунда кичи борборлорду (подцентрлерди) түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Бул борбордук бөлүккө келген агымды (маятниктик миграцияны) жана шаардын борборуна түшкөн күчтү кыйла азайтат. Жаңы райондордо мектептер, бала бакчалар, көп кабаттуу үйлөр, бизнес-борборлор курулуп, жумуш орундары түзүлөт. Бул тургундарга керектүү кызматтарды жашаган жерине жакын жерден алууга шарт түзөт", - деди ал.

Ошондой эле турак жай фондун реновациялоо (жаңылоо) маселеси козголду. Медербек Кыдырмаев шаардын борбордук бөлүгүндөгү үйлөрдөн тургундарды мажбурлап көчүрүү болбой турганын баса белгиледи. Бардык долбоорлор батирлерди сатып алуу же менчик ээлери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, тиешелүү келишимдерге кол коюунун негизинде гана ишке ашырылат.

Мэриядан белгилешкендей, Башкы планды ишке ашыруу калктын өсүшүн жана шаардын узак мөөнөттүү муктаждыктарын эске алуу менен борбор калааны комплекстүү жана тең салмактуу өнүктүрүүгө багытталган.