Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бишкектиктердин шайлоого катышуусу төмөн болууда. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
Ал шаар тургундарын шайлоо укугун пайдаланып, добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.
“14.00гө карата шайлоочулардын эң төмөн катышуусу Бишкек шаарында байкалууда. Мындан улам шаар тургундарын шайлоого активдүү катышууга чакырабыз”, - деди Шайназаров.
Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктайт.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.