Тыгындар, экология жана мектептер: Бишкектин Башкы планы негизги көйгөйлөрдү чечет

Коом Загрузка... 04 Февраль 2026 14:25
WhatsApp_Image_Uo7v_DX6wIhH.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Башкы план — бул Бишкектин 25 жылдык өнүгүүсүн аныктаган узак мөөнөттүү стратегиялык документ. Ал борбор калааны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, калкты камсыздоо маселелерин, инфраструктураны калыптандырууну жана жашоо сапатын жогорулатууну чагылдырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Медербек Кыдырмаев "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эски Башкы план 2006-жылы бекитилип, анын мөөнөтү 2025-жылдын декабрында аяктаган. Учурда жаңы документтин негизги буйрутмачысы Бишкек шаарынын мэриясы саналат жана жаңыланган Башкы планды иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Башкы планды иштеп чыгуу менен Санкт-Петербург шаарынын илимий-изилдөө институту алектенип жатканы белгиленди. 2024-2025-жылдары административдик-аймактык реформалар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Бишкектин аймагы иш жүзүндө үч эсеге кеңейген. Борбор калаанын курамына жаңы айылдар жана конуштар кирген.

"Башкы пландын үстүндө иш башталгандан бери илимий-изилдөө институту тарабынан чоң көлөмдөгү аналитикалык жана изилдөө иштери жүргүзүлдү. Шаар тарабынан атайын сайттар ишке киргизилип, тургундар арасында сурамжылоолор уюштурулду. Мындан тышкары, министрликтерге расмий суроо-талаптар жөнөтүлүп, алынган маалыматтардын негизинде борбордун негизги көйгөйлөрү аныкталды жана шаардын келечектеги өнүгүүсүн аныктоочу башкы пландын негизги багыттары түзүлдү", – деп кошумчалады Медербек Кыдырмаев.

Ал белгилегендей, Башкы пландын негизги милдеттери - жол тыгындары маселесин чечүү, экологиялык кырдаалды жакшыртуу, социалдык объекттердин жетишсиздигин жоюу, ошондой эле транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү. Башкача айтканда, Башкы план - бул шаардын учурдагы көйгөйлөрүн чечүү үчүн шарттарды түзүүчү жана мүмкүнчүлүк берүүчү документ.