БА экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактайт. Кыргызстан лидерлердин катарында

Аналитика Загрузка... 16 Июнь 2026 19:00
WhatsApp_Image_ET4ttcG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Борбордук Азия экономикалык өсүш темпи дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору болгон туруктуу өнүгүү аймагы бойдон калууда. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам глобалдык деңгээлде каатчылык кубулуштары байкалып жаткан учурда бир катар ири мамлекеттер энергетикалык шоктун таасиринде калууда. Анда мунай өнүмдөрүнүн тартыштыгы алардын кымбатташына алып келип, бул өндүрүштүн төмөндөшүн шарттоо менен инфляцияны күчөттү. Ошол эле учурда логистикалык үзгүлтүктөрдүн топтолушунан, ошондой эле газ жана мунай өнүмдөрүнүн сактоочу жайларынын бошоп калышынан улам, Перс булуңундагы конфликттин кесепеттери узак мөөнөттүү таасирге ээ болорун эске алуу зарыл. Учурдагы базалык сценарий боюнча дүйнөлүк экономиканын өсүшү 2,5%га чейин жайлайт.

ЕАЭБ жана ШКУ алкагында жаңы жеткирүү чынжырларына интеграцияланган Борбор Азияда да глобалдык каатчылык күйүүчү майдын кымбатташына алып келди, бирок бул башка аймактарга салыштырмалуу анча байкалбайт. Бул жагдай туруктуулукту сактоого гана эмес, жогорку экономикалык активдүүлүктү колдоого да мүмкүндүк берет. Евразия өнүктүрүү банкынын жаңы баяндамасында берилген макро божомолу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин жалпы экономикасынын көлөмү 2026-жылы эле 600 млрд доллардан ашышы мүмкүн.

Кыргызстанда быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 10,2% деңгээлинде болуп, региондо лидерлик позициясын сактап калды. Биздин жакынкы коңшулар жана ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр бул багытта бир аз төмөн көрсөткүчтөргө ээ болушууда. Ошол эле учурда алардын макроэкономикалык туруктуулугу шек жаратпайт. 2027-жылы Евразия өнүктүрүү банкына өнөктөш өлкөлөрдө өнүгүүнүн жогорку темпи сакталууда. Бирок, экономикалардагы структуралык өзгөрүүлөргө жана тең салмактуу өнүгүүгө өтүүгө байланыштуу өткөн жылдардагыдай өтө жогору болбошу мүмкүн.

Серепчилердин баамында, аймак туруктуу өнүгүү баскычына өтүүдө. Өнөр жайды жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү рынокторду керектөө секторуна өтүүчү сырттан импорттолгон инфляциядан коргойт. Жакынкы жылдарда өнүгүү мейкиндигинин турукташуусуна жана шайкеш келүүсүнө жараша инфляциянын темпи болжол менен үчтөн бирге азайып, Борбордук банктар негизги ченди төмөндөтүүгө барары күтүлүүдө. Бул ишкердикти өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана баштоо үчүн тобокелдиктери аз жана алдын ала болжолдуу шарттарды түзөт.

Эми Кыргызстанга токтоло турган болсок, Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери 2026-жылдын алгачкы төрт айында республиканын экономикасы жаңы рекорд койгонун жана ИДПнын өсүшү 12,4 пайызга жеткенин белгилешти. Мындай жогорку динамика ички суроо-талаптын өсүшү жана инвестициялардын агымы менен камсыз кылынууда.

Жылдын жыйынтыгы боюнча республикада ички дүң өнүмдүн көлөмү 10,2 пайызга өсөт. Бул көрсөткүчтүн эки орундуу санда өсүшү өлкөбүздө акыркы үч жылдан бери сакталып келет. Бирок, алдыдагы 3 жылда экономиканын өнүгүү темпи түзүмдүк кайра курууларга байланыштуу кыйла тең салмактуу көрсөткүчтөргө келет.

“Инфляциянын 11%га жетип, ал тургай бул көрсөткүчтөн да ашып кетүү коркунучу кооптонууну жаратууда. Буга байланыштуу Улуттук банк акча-кредит саясатын катаалдаштырып, негизги ченди 12%га чейин көтөрдү. Бирок, Жакынкы Чыгыштагы конфликттен улам логистиканын татаалдашы, дүйнөлүк азык-түлүк базарларындагы баанын кысымынын күчөшү жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшү учурда инфляциялык процесстерге кошумча таасир тийгизүүдө. Ал эми ички факторлор катары турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы тарифтер жана керектөө бааларынын өсүшүнө түрткү берген жогорку суроо-талап калууда. Евразия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык, эмки жылы инфляция 9%га чейин жайлайт, ал эми жогорку чеги 7%ды түзгөн максаттуу коридорго 2028-жылдын аягында кирет.

Сомдун курсу үч жылдык келечекте 88-89 сомдун тегерегинде туруктуу болот. Серепчилер Кыргызстанда түзүлгөн олуттуу туруктуулук корунун маанилүүлүгүн белгилешет: "Алтындын топтолушунан улам валюталык резервдердин деңгээли тарыхый максимумга жетип, 7 айлык импорттун көлөмүн жабат. Бул сомдун валюталык курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биз 2026-жылы сомдун курсу туруктуу болот деп божомолдойбуз".

Өнүгүү пландарына токтолсок, Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери мамлекеттик инвестициялар программасы аркылуу ички өсүш чекиттерин стимулдаштыруу боюнча активдүү иштерге көңүл бурушат: "2025-жылы узак мөөнөттүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн акыркы 12 жылдагы рекорддук көлөмдө — 981,3 млн доллар суверендик каржылоо тартылган. Салыштырмалуу айтсак, 2014–2024-жылдары эл аралык каржы институттарынан келген каражаттардын орточо жылдык көлөмү 565 млн долларды түзгөн. Муну менен катар Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду өндүрүштүк базаны чыңдоо үчүн 2026-жылга рекорддук көлөмдөгү — 200 млн доллардан ашык инвестицияны бекитти".

Өкмөттүн инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу экономиканын жогорку өсүш темпин сактоого өбөлгө түзөт. 2030-жылга чейин өкмөт энергетика, туризм, өнөр жай, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында 200 долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда. Экономикалык өсүштүн динамикасын мамлекеттик кызматкерлер жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн жеңилдетилген турак жай каржылоо механизмдерин камсыз кылган "Менин үйүм" мамлекеттик программасы мындан ары колдойт деп күтүлүүдө.

Жалпысынан алганда Кыргызстандын өнүгүү келечеги оптимисттик баага ээ болууда. Республика профициттүү бюджетке жана сырткы кысымдарды жоюуга, ошол эле учурда ички өнүгүү программаларын, анын ичинде аймактык маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү жетиштүү резервдерге ээ. Экономика туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүгүү программаларына таянат.