Бул тарыхый чечим - ЖК төрагасы парламенттин өзүн-өзү таратуусу тууралуу

Жогорку Кеңеш Загрузка... 25 Сентябрь 2025 13:32
hd-1758778957729.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу - тарыхый учур. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Анын айтымында, парламент эч качан өзүн-өзү таркаткан эмес.

"Парламенттен башка эч кимде парламентти таратуу тууралуу чечим кабыл алууга укугу жок. Бул парламенттин өзүнүн чечими. Мен Жогорку Кеңештин төрагасы катары аталган токтомдун демилгечиси болгон 32 депутатка жана бардык депутаттарга, бул долбоорду колдогондорго ыраазычылык билдиргим келет. Алар элдин бакубаттуулугун, саясий кырдаалдын туруктуулугун жана өлкөнүн тынчтыгын биринчи орунга коюшту. 4 жылда парламент тарыхый жана маанилүү мыйзамдарды кабыл алды. Арасында чек ара маселелери, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу, административдик-аймактык реформалар жана башка маанилүү мыйзамдар бар", - деди ал.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо 30-ноябрда өтөрүн билдирди. "Биз шайлоонун таза жана ачык-айкын өтүшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

Азыр айрым депутаттар президенттин, генералдын же Жогорку Кеңештин төрагасынын батасын алыптыр деген имиштер чыгып жатат. Батаны эл гана берерин белгилеп кетким келет. Бүгүнкү бийлик ачык жана таза шайлоо өткөрүүнү гана көздөйт", - деди ал.