Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Дүйнө жүзүндө калктын нурлануусунун негизги бөлүгү табигый радиациядан улам болууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук радиациянын таасирин изилдеген илимий комитети (UNSCEAR) жаңы баяндамасында жарыялады.
Андагы маалыматтарга ылайык, иондоштуруучу нурлануунун табигый булактары - радон жана торон газдары, космостук нурлар, ошондой эле топуракта жана азык-түлүктө кездешкен радиоактивдүү заттар. Алар аркылуу адамдар нурланууга көбүрөөк дуушар болушат. Ал эми адамдар тарабынан жаралган булактардын (медицина, өнөр жай, илим) салымы, ири өзөктүк авариялардан сырткары өтө аз болот.
Изилдөө 2007-2022-жылдар аралыгындагы дүйнөлүк маалыматтарга жана илимий адабияттарга таянуу менен жасалган. Комитеттин баалоосу боюнча, дүйнө жүзүндө адамдар жылына орточо эсеп менен 3,0 миллизиверт (радиациянын адам организимине тийгизген таасирин өлчөгөн бирдик) өлчөмүндө табигый радиацияны алат.
Атап айтканда, өлчөмү төмөндөгүдөй:
- радон жана торон менен дем алуу - 1,8 мЗв;
- азык-түлүк жана суу аркылуу - 0,5 мЗв;
- жер кыртышынан келген тышкы нурлануу - 0,4 мЗв;
- космостук нурлар - 0,3 мЗв.
Бул көрсөткүчтөр 2008-жылдагы көрсөткүчтөн (2,4 мЗв) жогору. Бирок комитет муну радиация көбөйдү дегендик эмес, маалыматтардын такталышы жана эсептөө ыкмаларынын жакшыртылышы менен байланыштуу деп түшүндүрөт.
Баяндамда медициналык же өндүрүштүк радиация кадимки шартта жылына болгону бир нече микрозиверт гана кошоору белгиленет. Атомдук электр станцияларына жакын жашаган калк үчүн да нурлануу деңгээли төмөн.
Мурунку өзөктүк сыноо аймактарында радиациянын таасири олуттуу төмөндөгөн. Азыр бул аймактардагы жылдык нур дозалары табигый деңгээлинен төмөн.
Ошондой эле Чернобыль жана Фукусима-1 атомдук электр станцияларындагы авариялардан кийинки нурлануу деңгээли да радиоактивдүү заттардын табигый тазалануу жана тазалоо иштеринин эсебинен азайууда. Учурда Чернобылдын айланасында жылдык дозалар ондогон микрозиверттен бир нече миллизивертке чейин өзгөрсө, Фукусиманын эвакуацияланбаган райондорунда бир нече микрозиверттен болжол менен 0,3 мЗвге чейин жетет.