Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Конгодо Эбола вирусунан дээрлик 200 адам каза тапты. Бул тууралуу DW'ге шилтеме берип Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, Конгонун үч провинциясында лабораториялык жактан тастыкталган Эбола илдетинин учурларынын саны 808ге жетти, алардын 192си өлүмгө алып келди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 14-июнга карата Итури, Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларында лабораториялык жактан тастыкталган 808 учур, анын ичинде өлүм көрсөткүчү 23,8%ды түздү.
Өз кезегинде Welthungerhilfe уюму инфекциянын жайылышын токтотуу үчүн калкты тестирлөөнү жана байланыштарды издөөнү күчөтүүгө чакырды.