Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Германиянын калкы 2025-жылдын аягында 83,5 млн адамды түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 110 миңге же 0,1%га аз деп, өлкөнүн Статистика кызматы билдиргенин Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, Германиянын калкы 2011-жылдан бери тынымсыз өсүп келген. 2020-жылдагы өсүү темпинин басаңдашы COVID-19 пандемиясы учурунда иммиграциянын азайышына байланыштуу болгон. Бирок, 2024-жылы калктын өсүү темпи 0,1%га чейин басаңдаган.
Өлүмдүн төрөлүү көрсөткүчүнөн ашып кетиши 352 миңди түздү (мурунку жылы 331 миң).
Барган сайын улгайган адамдар өлкө калкынын олуттуу бөлүгүн түзүүдө, бул 20 жылдан ашык убакыттан бери өлүмдөрдүн санынын өсүшүнө алып келди. 60 жана андан жогорку курактагы адамдардын саны 2025-жылы 387 миңге көбөйүп, 0,5%га өскөн.
20 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны акыркы бир жылда 88 миңге азайды.
Чет элдик жарандардын саны 39 миңге (0,3%) көбөйүп, жыл аягына чейин 12,4 миллионго жеткен.